МАЯК (навигация)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЯК - өтө кубаттуу жарык булагы менен жаб­дылган мунара түрүндөгү курулма. Ал деңиз жээ­гин таануу, деңизде кеменин ордун аныктоо, аэропланга жерге жакындаганын жана навига­циялык коркунуч жөнүндө алдын ала билдирүү милдетин аткарат. М. жарык-оптикалык сис­темалар, ошондой эле сигнал берүүнүн башка техникалык ка­ражаттары: аба акустикасы (наутофон, диафон,

сирена ж. б.) же суу асты акустикасы (суу асты коңгуроосу, осциллятор); радиотехника, радио­акустика менен жабдылат. М. деңиз жээгине, порт­тун кире беришине, булуңга же суунун куйган жерине, кээде аскага же тайыз жерге орноту­латынча М-тын негизги мүнөздөмөсү: мунарага мүнөздүү архитектурасы, жарыктандыруучу бөлүгү, жарыктын деңиз деңгээлине карата бийикти­ги, жарык түсү жана аны'аралыкка берүү мүнөзү. Радиомаяк жыштыкты берүү, иштөө режими жана код сигналы менен мүнөздөлөт. Биздин заманга чейинки 280-ж. римдиктер курган Александриядагы Фарос М-ы - эң байыркы М. Ал дүйнөдөгу 7 керемет­тин бири болуп эсептелет.