МАШ БУУРЧАК
МАШ БУУРЧАК (ГаЬа Ьопа) - чанактуулар тукумундагы бир жылдык өсүмдүк. Тамыры бутактанып өсүп, жерге терең (80-150 см) кирет. Сабагы түз, жылма, төрт кырдуу, көңдөй, бийикт. 100-150 см, түп жагы бутактанып өсөт. Жалбырагы ичке, канат сымал, татаал, үч жалбырактан турат. Гүлү майда, ак, кызгылт, чачы топ гүлгө чогулган. Мөмөсү - чанак (2-4 уруктуу), бир чанагында 7-9 даны болот. 1000 данынын орт. салмагы 30-50 г. М. б. өзү менен өзү чандашат, айрым учурда кайчылаш чаңдашканы да байкалат. Нымдуу жерде жакшы өсөт. Гүлдөө жана чанак байлоо кезинде суудан өксүтүү түшүмдүн 30-40% ин азайтат. Вегетация мезгили 80-120 күнгө созулат. М. б. - байыркы өсүмдүктөрдүн бири. Жапайы түрү кездешпейт. Жер Ортолук деңиз жээктеринде, Африка, Афганстан, Индия, Америкада эгилет. КМШ өлкөлөрүнүн бардык жеринде (анын ичинде Кыргызстанда Пикулович I сорту) өстүрүлөт. М. б-тын ЮОдөй сорту белгилүү. Алар чарб. белгилери боюнча азыктык жана тоюттук М. б-ка бөлүнөт. Белок, углевод, витамин, малга жагымдуу амин кислотасы ж. б. заттарга бай. М. б-та протеин, кальций, фосфор, каротин бар. Негизги сорттору: Аушра, Күрөң, Уладов көгүлтүрү, Пикулович I. Зыянкечтери: буурчак данчысы, түймөкчү шиш тумшук, өсүмдүк бити ж. б-.-Илдеттери: аскохитоз, макроспороз, тамыр чириги, өсүмдүк даты, өсүмдүктүн вирус илдети, церкоспороз ж. б.
Г. Ф. Эшимкулова.