МАХОРКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАХОРКА, көк тамеки (Ыхсойапа гпзПса) — өсүмдүктөрдүн ит жүзүмдөр тукуму­нун тамеки уруусуна кирген бир жылдык өсүмдүк. Сабагы тик өсөт, көп кырдуу, бийиктиги 0,8-1,5 лгдей. Жалбырагы жүрөк сымал, калың, майда түктүү, жабышкак шире менен капталган. Жалбырагынын саны сортуна жана багууга жа­раша 12ден 20га чейин жетет, сабакта кезекте­шип жайгашат. Өзөк тамырлуу, тамыры топу­ракка 2 ладей сүңгүйт. Топ гүлү - шыпыргы сы­мал, гүл желекчеси жашыл же саргыч жашыл. Нымдуулукту, жылуулукту жакшы көргөн, көп түшүм берүүчү өсүмдүк. Орт. түшүмү гектары­нан 25-30 ц кургак жалбырак, ал эми сабагы менен кошо эсептегенде 35-40 цди түзөт. Вегета­ция мезгили 120-140 күн. Мөмөсү эки кабыктуу, көп уруктуу кутуча. Уругу майда, күрөң түстө, 1000 данынын салмагы 0,25-0,35 г. М-нын үрөнү 7-8°Сде жер бетине өсүп чыгат. Абанын темп­расы 20-25°Сде жакшы өсөт. Суукка байымсыз, -2 ... -3°С суукта үшүп кетет.

Ад.: Н. Ибраимов. Техникалык өсүмдүктөр жана аларды Кыргызстанда өстүрүүнүн алдынкы ыкма­лары. Б., 1994. Г. Ф. Эшимкулова.