МАТИЕВ Кадырбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАТИЕВ Кадырбек (20. 5. 1938, Жалал-Абад обл., Сузак району, Ак-Тоок айылы - 1999, ошол эле жер) - философ, сынчы, философия илимдеринин доктору (1999). Кыргызстан жазуучулар союзунун мү­чөсү (1984). Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын (1955), КМУну (1960) бүтүргөн. 1960-65-ж. Кыз-Көл орто мектебинде мугалим, 1965-70-ж. Кыргыз ССР ИАнын Философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер, 1970-81-ж. Б. Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда доценттин милдетин аткаруу­чу, 1981-86-ж. Кыргызстан жазуучулар союзунда, «Ала-Тоо» журналында, 1988-93-ж. Кыргыз ССР ИАнын (азыркы КР УИА) Адабият жана көркөм­прикладдык искусство институтунда, 1993-98-ж. Кыр­гыз энциклопедиясында бөлүм башчы, КТР ОБО гезитинде кабарчы болуп иштеген.