МАТЕРИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАТЕРЙК, континент - жер кыртышы­нын эң ири массиви; анын көпчүлүк бөлүгү Дүйнөлүк океандын денгээлинен жогору, чет­жакалары андан төмөн жатат. Материкке ка­лыңдыгы 35-70 км келген жер кыртышынын континенттик түзүлүшү жана анда гранит-мета­морфизм тоо тек катмарынын болушу мүнөздүү.

Азыркы геол. доордо 6 материк бар. Алар: Ев­разия, Түндүк Америка, Түшпгүк Америка, Афри­ка.Австралия жана Антарктида (к. Жер, Дүйнө бөлүктөрү). М-тин үлүшүнө кургактыктын 94% и жана жер бетинин 29% и туура келет. М. аралдан ээлеген аянты боюнча айырмаланат. Эң кичине Австралия материги дүйнөдөгү эң чоң Гренлан­дия а-нан (2-Жаңы Гвинеядан) 10 эсе чоң.

М-ке калың жер кыртышы мүнөздүү (орт. калыңдыгы 35-40 км жана литосферасы 200- 300 кмден ашык). Анын курамы өзгөчө үстүнкү бетиндеги тектер ашыкча кремнезёмдуу гранит, гнейстен турат.