МИРКИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИРКИ - о. кылымдарга таандык шаар. Азыр­кы Казакстандын Жамбыл обл-ндагы Мерке ш-на жакын жайгашкан. М. алгач араб географ­тары Ибн Хордадбек, Кудама жана Мукаддаси­нин ж. б. эмгектеринде эскерилет. Хордадбек боюнча Куландын чыгышындагы чоң кыштак (Бир­ки) же Аспарадан 4 фарсах (болжол менен 25 ча­кырым) батышта жайгашкан. Кудамада жана «Худуд ал-Аламда» карлуктарга.караган айыл болуп, соодагерлер тынымсыз каттап турган делет. Мукадасси сепил менен курчалган шаарча экенин белгилеген.

Ад-: Бернштам А. Н. Историко-археологические очерки Центрального Тянь-Шаня, Памиро-Алая. М.; Л., 1952. А. Ш. Махаева.