МИОКАРДДЫН ИНФАРКТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИОКАРДДЫН ИНФАРКТЫ - жүрөктүн айрым бөлүгүнө кандын аз келишинен же келбей ка­лышынан жүрөк булчуңунда өлүү ткандардын (некроз) пайда болушу менен мүнөздөлгөн жүрөк­кан тамыр оорусу. Ал көбүнчө жүрөктүн таажы сымал артериясынын атеросклерозунда же тромб менен бүтөлүп калганда болот. Ошондой эле анын пайда болушуна гипертония оорусу, кант диа­бети, семирүү,_нерв-психикалык күч келүү, та­меки тартуу түрткү берет. Тромб пайда болушу­на кан уютуучу факторлордун көбөйүшү, ате­росклероз бүртүгүнөн кан тамырдын ички бети­нин бодурланышы ж. б. себеп болот. Мында көбүнчө жүрөк же көкүрөк туш катуу ооруп, оору сол колго, сол далыга берилет, айрым учурда көкүрөк бүт ооруйт. Бул оору жүрөктүн сол ка­рынчасында көп кездешет. Инфарктта некроз болгон ткандар акырындык менен тарап, 6-7 жу­мадан кийин анын ордуна бириктиргич ткань пайда болот. М. и. 40-65 жаштагы тамеки тарт­кан, семиз жана аз кыймылдаган кишилерде көп учурайт. Оорунун пайда болушуна ачуулануу, капалануу, акыл жана күч эмгеги менен ашыкча иштөө, ичкиликти көп ичүү ж. б. көмөк болот. Демейде М. и. стенокардиянын тез-тез карма­шынан жана күчөшүнөн улам өөрчүп, нитрогли­церин да таасир этпей калат. Кээде ич ооруп, дем кыстыгып башталат. Көпчүлүк учурда дене ысып, канда лейкоциттер көбөйөт. Оорунун өтүшү инфаркттын көлөмүнө жана кабылдоосу­на байланыштуу. Дарылоодо медициналык тез жардам керек. Ооруканага тез жеткирип, кыймылдат­пай жаткырып, кандын уюшун азайтуучу, жүрөк ишин жакшыртуучу, заара бөлүп чыга­руучу дарылар жана витаминдер берилет. Оору­канадан чыккандан кийин дарылоо көпкө улан­тылат. Эмгекке жөндөмдүүлүктү калыбына кел­тирүү жана М. и-нын кайра кайталанышын ал­дын алуу оорулуунун өзүн жакшы кароосуна бай­ланыштуу. Инфаркт болгон адам врачка үзгүл­түксүз көрүнүп, ал белгилеген дарылоону жана күн тартибин так аткарып, бир катар эреже­лерди сактоосу зарыл.