МИҢ-ТЕКЕ МӨҢГҮСҮ (Чоң Алай кырка тоосу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИҢ-ТЕКЕ МӨҢГҮСҮ - Чоң Алай кырка тоосу­нун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 4,0 км, аянты 4,1 км2, көлөмү 0,2 км3. Ба­шы деңиз деңгээлинен 5000 м, этеги 4300 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4650 м. Мөңгүдөн Миң-Теке суусу башталат.