МИҢЖЫЛКЫЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИҢЖЫЛКЫЕВ Болот Абдуллаевич (23. 3. 1940, Фрунзе - 16. 8. 1997, Санкт-Петербург, сөөгү Бишкекке коюлган) - опера ырчысы (бас), Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйл. (1976), Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйл. (1976), СССР мамлекеттик сыйл. (1985) лауреа­ты, СССР эл арт. (1977). 1961-жылы Кыргыз опера жана балет театрынын студия­сында окуган. 1966-жылы Таш­кент мамлекеттик консерватория­сын бүтүргөндөн Кыргыз опера жана балет театры­нын солисти, ошол эле мез­гилде 1971-жылдан Б. Бей-

шеналиева атындагы искусство институтунда окутуучу бо­луп иштеген. Тубаса кооз тембрлүү, диапазону кенен үндүү М. консерваторияда окуп жүргөндө эле Орто Азия жана Казакстан музыкант-аткаруу­чуларынын биринчи конкурсунун лауреаты бол­гон. Ал 1968-71-ж. Миландын Ла Скала теат­рында стажировкадан өтүп, ырдоо чеберчили­гин өркүндөткөн. 1992-жылдан өмүрүнүн акы­рына чейин Санкт-Петербургдагы Мария опе­ра жана балет театрында иштеген. 20-к-дын 2- жарымындагы дүйнөлүк эң мыкты опера ыр­чылардын бири. Көрүнүктүү партиялары: Коңур­бай (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Ма-

Б. Миңжылкыев - Варяждык мейман. Н. Римский­Корсаков. «Садко» операсы.

нас», 1966), Тегирменчи (А. Даргомыжский, «Суу периси», 1966), Мефистофель (Ш. Гуно, «Фауст», 1967), Комиссар (К. Молчанов, «Велгисиз сол­дат», 1967), Борис Годунов (М. Мусоргский, «Бо­рис Годунов», 1972), Нилакант (К. Делиб, «Лак­ме», 1972), Пётр (А. Петров, «Пётр I», 1977) ж. б. 1973-жылы Софияда өткөн Вокалисттердин эл ара­лык конкурсунда алтын медалга жана лауреат деген наамга, Тулузада (Франция) өткөн вока­листтердин конкурсунда Гран-приге (1970) та­тыктуу болгон. СССРдин Чоң театрында, Ле­нинграддын академиялык опера жана балет театрында,

Б. Миңжылкыев — Борис Годунов. М. Мусоргский. «Бо­рис Годунов».

Ла Скаланын, «Метрополитен операнын» (Нью­Йорк) сахнасында, Саволинадагы (Франция) Опера фестивалында ырдаган, ошондой эле жекече кон­церттер менен радио жана телекөрсөтүугө чыгып, жаштардын бүткүл дүйнөлүк форумдарында, фес­тивалдарда ырдоо менен таланттуу ырчынын ысмы дүйнөгө таанылган. Ал АКШ, Италия, Фран­ция, Болгария, Полыпа, ГДР ж. б. өлкөлөрдө гастролдо болгон. Санкт-Петербургдагы Мария жана Кыргыз опера жана балет театрларында му­зейи ачылган. Бишкектин бир көчөсүнө ысмы берилген. СССР Жогорку Советине жана Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат (1979-84) бол­гон. Медалдар менен сыйланган.