МИҢ-БУЛАК (Нарын р-ну)
МИҢ-БУЛАК - Нарын облусу Нарын районундагы кыштак. Миң-Булак айыл аймагына караштуу. Он-Арча суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1999,4 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын ш-нан 38 км түндүк-батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 176 км. Кыштак 1931- ж. негизделген. Калкы 1073 (2009); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Кыштакта КРдин эл арт. А. Осмонов туулган.