МИНОМЁТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИНОМЁТ - далдадагы душманды мина менен атууга жана анын талаа чептерин кыйратууга арналган жылмакай найлуу замбирек. М-тун негизги касиеттери - минасынын эң күчтүү жа­рылышы, аз убакыт ичинде бат-бат атылышы, жеңилдиги, жөнөкөйлүгү, атууга бат даяр болу­шу. Минасынын траекториясы бийик болгондук­тан (найынын көтөрүлүү бурчу 45°тан 85°ка че­йин), замбирек, мылтык, пулемёт аркылуу жок кылууга мүмкүн болбогон жерлерди М. менен тал­калоого болот. Алгач М-ту орус аскерлери орус­япон согушунда (1904-05) Порт-Артурду коргоо­до колдонгон. Азыркы М-тордун массасы 35тен 3600 кгга чейин, калибри 81ден 240 лгжге, мина­лардын салмагы Зтөн 130 тсгга, атуу чеги 2,5тен 10 миң л«ге жетет.