МИНЕРАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИНЕРАЛ (латынча minera - кенташ) - туруктуу химиялык курамы жана белгилүү физикалык касиеттери менен мүнөздөлүүчү табигый зат. Жер кыртышында (же космостук телолордо) физикалык жана химиялык про-цесстерден пайда болуп, көбүнчө катуу, чанда суюк

Клинохлордун сфе­ролити.Жездин дендриттүү бутактанган крис­таллдары.
Picutre 2961

(мисалы, накта сымап) жана газ түрүндө бо­лот. Кристаллдуу же аморфтуу түзүлүштөн турат. Жаратылышта 4,5 минден ашуун түрү белгилүү. М-дардын пайда болушунда негизинен химиялык элементтердин бардыгы каты­шат. Кээ бир М. бир эле, көбү бир нече химиялык элементтен түзүлөт. М-дардын топторго бөлүнү­шү химиялык элементтердин бирикмелерине, крис­таллдык торчолорунун түзүлүшүнө негизделген. Жаратылышта кездешүүчү бардык М-дардын 25% ке жакыны силикаттар, 12% и кычкылдар жана гидрокычкылдар, 13% и сульфиттер, 18% и фосфаттар менен арсенаттар, 32% и башка таби­гый бирикмелер болуп эсептелет. М-дын форма­лары менен турпаттары ички түзүлүпгүнө жана пай­да болуу шартына байланыштуу. Чондуктары, көлөмдөрү ар түрдүү: 1-100 лглгден 10 л«ге че­йин. Сырткы формасы ички түзүлүшүнө, кристаллдашуу шартына, химиялык курамына жа­раша изометрлүү, кабыкча, ийне түрүндө болот. Физикалык касиеттери кристаллдык түзүлүшүнө, курамына байланыштуу. Тыгызды­гына карай женил (2500 кг/

Гипс кристаллы.

м3), орт. (2500-4000 кг/м3), оор (4000-8000 кг/м3), өтө оор (8000 кг/л«3дан жогору) болуп бөлүнөт. Механика­л ы к касиеттерине катуулугу, морттугу, сер­пилгичтиги, жиктелиши, сынышы кирет. Оп­тикалык касиеттери болуп өңү-түсү, жыл­тырактыгы, тунуктугу, нур өткөргүчтүгү, жа­рыктын сынышы, кубулжуп көрүнүшү эсепте­лет. М-дарды минералогия илими изилдейт. М-дар эндогендик, экзогендик, метаморфогендик жолдор менен пайда болот. Эл чарбасынын бар­дык тармактарында пайдаланылат.

Ад.: Минералы. Справочник. М., 1960-2003. Т. 1- 5; Бетехтин А. Г. Курс минералогии. 2-е изд. М., 2010.