МИН
МИН - кытай императорлорунун династиясы (1368-1644). Чжу Юаньчжан монголдордун Юань династиясын кулатып, М. династиясын негиздеген. Ли Цзычэндин жетекчилиги менен көтөрүлүшкө чыккан дыйкандар 1644-жылы М. династиясын бийликтен кулаткан соң, М. д. Цин династиясы менен алмашылган, к. Кытай.