МИКРОЭЛЕМЕНТТЕР
МИКРОЭЛЕМЕНТТЕР — организмде эң аз концент-да (проценттин миңден бир үлүшүндө жана андан да аз) болуучу жана анын тиричилиги үчүн өтө зарыл элементтер (В, А1, Ре, 2п, Мп, Си, Мо, Со, Л ж. б.). «М.» термини топурак, тоо тек, минералдуу суудагы айрым химиялык элементтерди белгилөө үчүн да колдонулат. Тирүү организмдердеги айрым М-дин ЗОдан ашыгы өсүмдүктөр менен жаныбарлар тиричилигиндеги керектүү зат болуп саналат. Көпчүлүгү металл (Ре, Си, 2п, Мп, Мо, Со ж. б.), айрымдары металл эместер (I, 8е, Вг, Е, Ав). Организмде алар биол. активдүү кошулмалардын - ферменттер, витаминдер, гормондор жана дем алуу пигменттеринин курамына кирет. Айрым М. өсүүгө (Мп, 2п, - жаныбарда; В, Мп, 2п, Си - өсүмдүктө), көбөйүүгө (Мп, 2п, Си ), кан пайда кылууга (Ге, Со, Си) ж. б. көмөк кёрсөтөт. Адам жана мал организминде М-дин көп же аз болушу эндемиялык ооруларга алып келет. Малдын эндемиялык атаксиясы Си жетишсиз болгондо, адам менен малдын богок оорусу Л, Со жетишсиздигинен келип чыгат. М-дин кем же ашыкча болушу өсүмдүктөрдү да илдетке чалдыктырат. Мөмө байлоосу, гүлдөөсү начарлап, чирип жана хлороз илдетине чалдыгат. Малдын эндемиялык ылаңында керек М. тоютка кошуп берилет, ал эми өсүмдүккө микрожер семирткичтер колдонулат. Малдын кунардуулугун жогорулатуу үчүн да ,М. пайдаланылат.