МИКЛУХО-МАКЛАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИКЛУХО-МАКЛАЙ Николай Николаевич [5(17). 7. 1846, азыркы Новгород облусу, Боро­вичи р-ну, Рождественский кыщ, - 2(14). 4. 1888, Санкт-Петербург] - орус илимпозу, сая­катчы, антропо­лог жана этнограф. 1863-жылы Петербург университетине кирген. 1864-жылы студент­тик кыймылга ка­тышкандыгы үчүн окуудан чыгарыл­ган. Кийинчерээк Гейдельберг (1864), Лейпциг (1865) жана Йена (1866-68) университеттеринен та­бият таануу илим­дери боюнча таалим

алган. 1869-жылы Орус география коомунун кол­доосу аркылуу уруксат алып, «Витязь» кемеси­не түшүп, Жаңы Гвинеянын түндүк-чыгыш жээги­не (азыркы Миклухо-Маклай жээги) сүзүп ба­рып, анда 1870-80-жылдарда жашап, илимий иш менен алектенген. Канар а-на жана Мароккого (1866-67), Кызыл деңиз жээктерине (1869), Ма­лайя архипелагына, Малакка ж. а-на саякат жасаган. Түштүк-Чыгыш Азиянын, Австралиянын, Тынч океандын аралдарындагы жергиликтүү элдердин антроплогиясына жана этнографиясына байла­ныштуу маселелерди изилдеген. Филиппинде, Индонезияда (1873), Микронезия менен Мелане­зиянын көптөгөн аралдйрында (1876, 1879) бол­гон. 1878-82, 1884-86-ж. Австралияда жашап, Сиднейге жакын жерде биол. станция ачкан. М.-М. этногр., антропол. изилдөөлөрдүн натый­жасында адам расалары бир тектеш жана өз ара туушкан келет деген идеяны жактаган. Мела­незиялыктардын антропол. тибин алгачкылар­дан болуп толук сыпаттап жазган. Ал папуас­тардын жана Океания а-нын түштүк-чыгышында жашаган элдердин чарбасы менен маданияты жөнүндө баалуу эмгектер калтырган. Анын экспедиция­ларда жыйнаган бай коллекциясы Санкт-Петер­бургдагы Антропология жана этнография му­зейинде сакталуу. 1947-жылы РИАнын Этнография институтуна М.-М-дын ысмы берилген. Анын жол күндөлүктөрү 1923-жылы жарык көргөн.

Эмг.: Собр. соч.: В 6 т. М„ 1990-1999.

Ад.: На берегу Маклая. Этнографические очерки. М., 1975; Путилов Б. Н. Н. Н. Миклухо-Маклай: путешественник, ученый, гуманист. М., 1985; Тумар­кин Д. Д. Белый папуас: Н. Н. Миклухо-Маклай на фоне эпохи. М„ 2011.