МИКЕНАС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИКЕНАС Юозас [30. 1 (12. 2). 1901, Ковен гу­берниясы (азыркы Даугавпилс району), Скардупис хутору - 24. 10. 1964, Вильнюс] - советтик скульп­тор, Литва советтик скульптурасынын негиздөөчүсү.

СССР эл сүрөтчүсү (1961), СССР Сүрөт Академиясы­нын корр. мүчөсү (1954). Кау­нас көркөм мектебинде (1922-31) чеберчилигин өр­күндөткөн. Чыгармачылыгын фор­малисттик агымдардын таа­сиринде баштаган. Негизги чыгармалары: Нью-Йоркто­гу бүткүл дүйнөлүк көр­гөзмөнүн Литва павильону үчүн «Литва» статуясы (гипс, 1939), Кёнигсбергди штурмдоодо курман болгон советтик аскерлерге арналган «Жеңиш» скульптура тобу (коло, 1946, Калининград; СССР мамлекеттик сыйл., 1947), «Пианиночу кыз» (коло, 1958, Третьяков гал.), «Алгачкы чабалекейлер» (гипс, 1964) ж. б. Литва ССР мамлекеттик сыйл. (1966) лауреаты. Ленин ордени менен сыйланган.