МИГРАЦИЯ (биология)
МИГРАЦИЯ биологияда, к. Жаныбарлар миграциясы.
мйдия - Иран тайпак тоолорунун түндүк-батыш тарабындагы тарыхый аймак. М-лыктар жөнүндө алгачкы маалыматтар биздин заманга чейинки 9-к-дын 2-жарымындагы ассириялык жыл баяндарда эскерилет. Ассириялык даректер боюнча Биздин заманга чейинки 7-к-дын 70-жылдарында М. падышалыгы (борбору Экбатан болгон) пайда болуп, биздин заманга чейинки 625/624-584-ж. ченде улуу державага айланган. Киаксар падышанын (биздин заманга чейинки 625/624-584-ж. башкарган) убагында абдан өнүккөн. Биздин заманга чейинки 550-549-ж. Ахемениддер бийлигине караган. Биздин заманга чейинки 4-к-дын акыркы чейрегинде Мененын бир бөлүгү - Түштүк Азербайжан (же Кичи М., М. Атропатенасы, Атропатена) өз алдынча турган. Мененын аймагында зороастризм кеңири тараган. Окумуштуулардын пикири боюнча биздин замандын 4-к-нда Кичи М-да (Антропатенада) «Авеста» жазылган. М-лыктардын айрым бөлүктөрү Антропатенанын автохтондуу уруулары менен аралашып, азербайжандардын этногенезинде негизги ролду ойношкон.