МЕНЮ
МЕНЮ (Мепи) компьютерде— дисплей экранындагы иш-аракеттердин тизмеси. М-ну ачып, андан керектүү буйрук тандалат. М. буйругу белгилүү бир аракетти аткартууну камсыз кылат. Графиктик интерфейстеги М. көп учурда тектеш буйруктардын тизмесин камтыйт.