«МЕНИН СИДИМ ЖӨНҮНДӨ ЫР»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«МЕНИН СИДИМ ЖӨНҮНДӨ ЫР» («Е1сап1иг йе М1о СМ») - испан элинин баатырдык дастаны. Элдик ырчылар (хуглар) тарабынан 1140-жыл­дар чамасында жаралып, 13-к-дын башында жа­зылып алынган. Дастандын баш каарманы - тарыхый адам, рыцарь Руи (Родриго) Диас де Бивар (1040-99). Ал араб эзүүсүнө каршы испан элинин патриоттук күрөшүнө катышкан элдик баатырлардан болгон, ошон үчүн эл аны Сид (арабча «сеид» - төрө) деп атаган. Сиддин идеалдуу образына баскынчыларга жана феодал төбөлдө­рүнө каршы күрөшкөн баатыр мүнөзү, элдин духу сиңирилген. Бул жаркын образ кийинче­рээк европалык айрым жазуучулардын (П. Корнель, И. Гердер) реалисттик чыгармаларында кайра жаралган. Дастанда Батыш Европанын кээ бир эпикалык чыгармаларындагыдай христиандык мистицизм менен учкул фантастика жок.