МЕЛЬБУРН
МЕЛЬБУРН - Австралйянын түштүгүндөгү шаар. Виктория штатынын администрациялык борбору. ПортФиллип булуңуна Ярра д. куя берген жерде жайгашкан. Калкы Чоң Мельбурн агломерациясы менен 4,2 миллион (2012); калкынын саны боюнча Сидней агломерациясынан кийинки 2-орунда. Тогуз жолдун тоому. Автомобиль жана т. ж. түйүнү. Төрт (анын ичинде Тулламарин эл аралык) аэропорту бар. Шаарда дүйнөдөгү эң узун трамвай линиясы (Узундугу 250 кжден ашык) иштейт. 1835-жылы негизделген. Улуу Британиянын премьер-министри лорд Мельбурндун (Мельборн) ысмынан аталган. 1847-жылдан шаар статусуна ээ. 1901-27-ж. Австралия Союзунун борбору болгон. Порт-Филлип булуңундагы порт (жылына 30 миллион т жүк ташылат). Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуу (эмгекке жарамдуу калктын 90% и эмгектенет). М. - өлкөнүн башкы ишкер жана финансы борбору. М-да Австралиянын негизги банктарынын штаб-квартиралары, баалуу кагаздар биржасынын бөлүмү, Австралия ишкер кеңешиниң башкы уюму ж. б. жайгашкан. Машина куруу, металлургия, химиялык, нефть ажыратуу, текстиль,
кагаз ө. ж. ишканалары иштейт. Ратуша (1867- 87), неоготика стилиндеги Ыйык Павел собору (1880-92) сакталган. Австралиянын илим, билим жана маданий ири борбору. ИИИлер, университеттер (анын ичинде Мельбурн, технол. ж. б.) жана анын кампустары, институттар (анын ичинде Король технология, нерв, рак оорулары, мээни изилдөөчү ж. б.), консерватория (1974), улуттук театр, Виктория улуттук галереясы (Европанын, Азиянын, Австралиянын искусствосу), заманбап искусство, дизайн, край таануу жана этногр. музейлери (анын ичинде улуттук мемориал; Австралия аборигендеринин маданий борбору ж. б.), театрлар бар. Шаардын борбордук бөлүгүндө көптөгөн тарыхый курулуштар (анын ичинде Ыйык Патрик неоготика собору ж. б.)
сакталган. Король көргөзмөсүнүн имараты Карлтон-гарденс паркы менен Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Ботаникалык бак жана зоопарк уюштурулган. М-да 1956-жылы XVI жайкы Олимпия оюндары өткөрүлгөн. Жыл сайын эл аралык фестивалдар (кино, музыка ж. б.), салт болуп калган спорт мелдештери болот. Туризм (жылына 8 млнго жакын турист, анын 1,4 млну чет өлкөлүктөр) өнүккөн.
