МЕЗОЛИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕЗОЛИТ (мезо... жана грекче lithos - таш) - биздин заманга чейинки 10-7-миң жылдыктарга туура келген орто таш доору. Доордун башталышы геол. голоцен доо­рунун башталышы менен дал келет. Бул учурда муз доору тартылып, жаратылыш шартында, жаныбарлар дүйнөсүндө чоң өзгөрүүлөр жүрүп, климат азыркы абалдагыдай болуп калыптан­ган. Көптөгөн жаныбарлар (мамонт, жүндүү керик, бизон ж. б.) жок боло баштаган. Мер­генчиликтин негизги олжосу элик, багыш, бугу өңдүү жаныбарлар болгон. Бул өзгөрүүлөр адам­дарга жашап калуу үчүн жаңы шартка ыңгай­лашууга түрткү берген. М. доорунда майда мик­ролиттик таш куралдары кеңири тараган. Алар­дын ичинен кесүүгө, саюуга ыңгайлуу болгон жалпак таштардын мааниси зор болгон. Ошондой эле кыргычтар, кескичтер, тешкичтер кеңири кол­донулган. Микролиттер менен бирге мурдагы доор­лорго мүнөздүү куралдар - сай таштан жасал­ган уруу, кесүү, чабуу үчүн колдонулуучу буюм­дар да болгон. Балта сымал кылдат жасалган жаңы куралдардын пайда болушу байкалган. Сөөктөн, мүйүздөн жасалган куралдарды кол­донуу жана аларды жасоо ыкмалары өнүккөн. Атайын балык кармоо үчүн кайырмак, дегээ пайда болгон. М. доорундагы негизги чарба - мергенчилик жана

Мезолит дооруна тиешелүү көрүстөн­дөн табылган сөөк. Тевьен арабча Франция. Атлантика океаны.

жыйноочулук. Жаратылыш шартынын өзгөрүшү мергенчиликтин жаңы ыкмаларын жана куралдарын талап кылган. Ушул мезгилде жаа менен жебе пайда болгон. Эң алгачкы үй жаныбары катары ит колго үйрө­түлгөн. Мурдагыдай топ-тобу менен аңчылыктын ордуна жеке аңчылыкка чыгуу өндүрүмдүү бол­гон. Бул доордо балык уулоочулук кыйла өнүк­көнүн турак жайлардагы балыктардын сөөк калдыктары жана балык уулоо куралдарынын табылышы далилдеп турат. М. доору адамзат коомунун өнүгүшүнүн жаңы баскычы болуу менен келечекте жаңы чарба формаларына - дыйкан­чылыкка жана мал чарбачылыкка өтүүгө негиз берген. 1956-жылы В. А. Ранов Алай өрөөнүндөгү таш дооруна таандык бир канча эстеликтерди ачкан. Туз-Суу д-нын агымынан нуклеус табыл­ган. М. жана неолит дооруна таандык эстелик­тер Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнүн Сары-Илик, Те­рек, Кочкор-Жал деген жерлеринен да

кездеш­кен. М. доорундагы эстеликтер Фергана өрөө­нүнүн үңкүрлөрүнөн, тоо этектериндеги түздүк­төрүнөн да учураган. Толук изилденген эстелик­тер - Сох суунун жогорку жагындагы Обишир уңкурлөру, Таш-Көмур уңкуру.

Ад.: Мезолит СССР. М., 1989; Клейн Л. С. Археоло­гическая периодизация: подходы и критерии// 81га1ит Р1из. 2000. № 1.