МЕДАЛЬОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕДАЛЬОН (фр. médaillon) - сүйрү же тегерек алкакка салынган сүрөттүү же оймо-чиймелүү композиция. Монументтик жасалга жана жасал­га-колдонмо искусствосунда имаратты же тиричи­лик буюмунун кооздук жасалгасынын ажыра­гыс бир бөлүгү болуп эсептелет. Архитектуралык жа­салгада М., эреже катары, рельеф, кооздоп жа­зуу, мозаика каражаттары менен аткарылат; жа­салга-колдонмо өнөрүндө - эмаль, инкрустация, интарсия, оюп кесүү ж. б. кошумчаланат. Өз алдынча буюм катары М. аялдардын тегерек же сүйрү формадагы, моюнга салынуучу азем бую­му түрүндө колдонулат.