МАХМУД ХАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАХМУД ХАН, Султан Махмуд хан (1463/64- 1508) - Батыш Моголстандын ханы (1487-1508). Юнус хандын тун уулу. Мухаммед Хайдар өз эмгегинде (к. «Тарих-и Рашиди») М. х-дын эне­син Александр Македонскийдин тукуму (Шах Султан Мухаммеддин кызы) деп көрсөтөт. Юнус хан өлгөндө Моголстандын батышы М. х-дын энчисине тийген. Ташкент жана анын айланасы үчүн болгон согушта Мухаммед хан Шейбани­нин жардамы менен самарканддык Султан Ахмад (Тимурдун тукуму), ферганалык Өмүр (Омор) Шейхтин үстүнөн жеңишке жетип (1487), Түркстандын батышын Шейбаниге берген (1488). Султан Ахмад менен Өмүр Шейх өлгөндөн кийин (1494), М. х-дын Самаркандды алуу аракети ишке ашкан эмес. Натыйжада Ташкент аймагы Шейбанинин колуна өтүп, М. х. Шейбани хан­дын буйругу менен өлтүрүлгөн.

Ад.: Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999. Т.Асанов.