МАТЕРИЯ
МАТЕРИЯ (латынча materia - зат) - адамдын аңсезимине жана эркине көз карандысыз жашап турган объективдүү дүйнө, болмуштун (бытиенин) негизи. Болмуштун формалары - жаратылыш, коом, адам, аң-сезим ж. б. М-нын туундулары. Бизди курчап турган дүйнө М-дан турат. М. - объективдүү дүйнөнүн жалпы касиеттерин чагылдырган абстракттуу түшүнүк.
Т. Эсенгелдиев.