МАТЕМАТИКАЛЫК ФИЗИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:01, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАТЕМАТИКАЛЫК ФЙЗИКА - физикалык кубулуш­тардын математикалык моделдер теориясы. Математикалык мо­делдерди түзүү жагы М. ф-ны физика илими менен, ал эми моделдерди изилдөө методу матема­тика илими менен тыгыз байланыштырат. М. ф. методу жөнүндөгү түшүнүккө физикалык кубулуштарды мүнөздөөчү математикалык моделдерди түзүү жана аны изилдөө үчүн колдонулуучу математикалык методдор ки­рет. Көптөгөн физикалык кубулуштардын математикалык мо­делдерин изилдөө үчүн М. ф-нын методдорун өнүктүрүүдө жана ийгиликтүү колдонууда Ж. Лаг­ранж, Л. Эйлер, П. Лаплас, Ж. Фурье, К. Гаусс, Б. Риман, М. В. Остроградский, А. М. Ляпу­нов, В. А. Стеклов ж. б. көрүнүктүү илимпоз­дор зор салым кошкон. 19-к-дын 2-жарымынан электр-динамикада, акустикада, гидро­жана аэродинамикада, серпилгичтуулук теориясын­да, туташ чөйрөдө ар кандай физикалык талаа жана толкундар менен байланыштуу болгон физикалык кубу­луштарды изилдөөдө М. ф. методдору кенири колдонулган. Физикалык кубулуштардын математикалык мо­дели көп учурда айрым туундулуу дифферен­циалдык тендемелер менен жазылып, ал М. ф-нын тендемеси деп аталат. Мисалы, бир тектүү ичке зым­дын эркин термелүүсүн баяндай турган (форму­ла түрүндөгү) жөнөкөй гиперболалык тендеме акустиканын, гидро­жана электр-динамиканын толкун процесстеринин бир топ кубулуштарын баяндоо үчүн да колдонулат.

Физиканын кванттык электр-динамикасы, талаанын аксиомалык теориясы боюнча жүргүзүл­гөн теориялык изилдөөлөр М. ф-нын маанилүү бир тармактарын (жалпыланган функциялар тео­риясы жана үзгүлтүксүз спектрдүү операторлор теориясы ж. б.) түзүүгө алып келди. Физика­нын математикалык моделдерин математикалык методдор менен изилдөө жалаң гана физикалык кубулуштардын сан­дуу мүнөздөмөлөрүн алууга жана чыныгы процесс­тердин жүрүшүн каалагандай эсептеп чыгаруу­га мүмкүндүк берет. М. ф-нын методдору биоло­гия, экономика, геофизика ж. б. илим тармак­тарында да колдонулат.

Ад. Владимиров В. С„ Жаринов В. В. Уравнения математической физики. 2-е изд. М., 2008.