МАО ЦЗЭДУН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАО ЦЗЭДУН (26. 12. 1893, Хунань провинция­сы, Сянтань уезди, Шаошань кыш. - 9. 9. 1976, Пекин) - Кытайдын саясий жана мамлекеттик ишмери. 1918-жылы Чанша шаарында педагогикалык окуу жайын бүткөн. 1918-19-жылы Пекин университетинин китепканасында иштеген. 1920-жылдары коммунист­тик ийримдерге кошулган. 1921-жылы Кытай коммунист­тик партиясынын (ККП) 1-съездинин ишине ка­тышкан. 1923-25-жылы жана 1928-жылдан ККП БКнын Саясий бюросунун мүчөсү. 1927-жылы Цзинганшань тоо­луу районунда (Хунань жана

Цзянси провинцияла­рынын ортосунда) Чжу Дэ ж. б. ККПнын иш­мерлери менен бирге революциялык таяныч базасын

түзгөн. 1928-жылы Кытай Кызыл армиясынын 4- корпусунун саясий комиссары болуп дайын­далган. 1931-жылы Жуйцзинде (Цзянси провинция­сы) өткөн советтик райондордун өкүлдөрүнүн Жал­пы кытайлык 1-съездинде Кытай Респ-нда БАК­тын жана ЭКСтин төрагасы болуп шайланган. 1933-жылдан ККП БК Саясий бюросунун мүчөсү. Анын улутчулдук умтулуулары ошо кезде эле байкалган. 1935-жылы январдан ККП БКнын Секре­тариатынын курамында. 1943-жылдан ККП БК­нын, 1949-жылдан КЭРдин Борбордук элдик өкмөт советинин жана КЭРдин Элдик революциячыл аскер советинин төрагасы. 1954-59-жылы КЭРдин жана КЭР Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасы. 1966- 76-жылы М. Ц. өз бийлигин бекемдөө үчүн мада­ний революция жүргүзүп (к. Кытайдагы «маданий революция»), Кытайдын өнүгүшүнө терс таасир тийгизген. ККПнин 9-съезди (1969) кабыл ал­ган Уставда «Мао Цзэдундун идеялары» партия­нын идеол. негизи, М. Ц. ККПнин түбөлүк же­текчиси деп жарыяланган. ККПнин 10-съезди (1973) аны ырастаган. 1950-жылдардын аягы­нан М. Ц. улуу державалык гегемонизм, анти­советизм, социалисттик кызматташтыктын жана дүйнө­лүк коммунисттик кыймылдын ыркын бузуу, марксизмди ревизиялоо саясатын жүргүзгөн.