МАССА АЛМАШУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:35, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАССА АЛМАШУУ - заттардын бир же бир нече фазага таралуусу. Аралашмаларды бөлүү М. а-га негизделген. М. а-га ректификация мү­нөздүү мисал боло алат. Мында бөлүнүүчү зат­тар суюк жана буу фазасында таралган болот, башкача айтканда кайноо температурасы төмөн болгон заттар буу фазасына өтүп, ал эми кайноо температурасы жого­ру болгон заттар суюк фазада калат.