МАНЬЕРЙЗМ
МАНЬЕРЙЗМ (итал. maniera - манера, стиль) - 16-к-да Европа искусствосундагы Бийик Кайра жаралуу доорунун гуманисттик маданиятынын кризие учурун камтыган агым. М-дин негизги эстетикалык критерийи табияттагы кубулушту өзүндөй сүрөттөө эмес, көркөм образдын «манераларынын» ыкмаларын формалдуу түрдө бир жактуу түшүндүргөн жана апыртып көрсөтүүгө негизделген. М. жашоого ренессанстык көркөм искусствону тартуулаган демокр. кыртышта өнүкпөстөн, герцогдордун ак сарайларында, феодалдык реакциячыл кырдаалда өнүккөн. Маньеристтер кылыктанган, ыксыз кооздукка толгон, аша чапкан чыгармаларды түзүшкөн. Алар та-
таал, тандагыч ракурстарды, жылан сымал ийилген фигураларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурушкан. Маньеристтердин портреттери аткарылыш техникасы боюнча бийик турат, бирок мазмуну боюнча муздак, ачык-айкын эмес. Кайра жаралуу доорунун чеберлеринин, көбүнчө Микеланжело менен Рафаэлдин чыгармачылык принциптерин стилдик норма катары пайдаланганы менен, М. өкүлдөрү алардын гуманисттик идеяларын бурмалашкан. М. адегенде Италияда, кийинчерээк Франция, Нидерланд искусствосунда өнүккөн.
