МАНАПЧЫЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:02, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНАПЧЫЛЫК - кыргыз коомундагы башка­руу системасынын бири. Негизинен Кыргызстан­дын Россияга каратылышына чейинки мезгил­де калыптанып, Октябръ Революциясынан ки­йин биротоло жоюлган. М. негизинен бий, баа­тырлар менен катар эле Түндүк Кыргызстандын коом­дук-саясий турмушунда (бийлик жүргүзүү, эл тагдыры, коомдогу өндүргүч күчтөрдү тескөө, коомдук мамилелерди аныктоо) чечүүчү роль ой­ногон. Кээ бир окумуштуулар (С. Абрамзон, Ө. Осмонов, Т. Өмүрбеков ж. б.) М. институту аде­генде сарыбагыш уруусунда калыптанып, ки­йинчерээк башка урууларга (солто, саяк ж. б.) тараган жана аны 19-к-дын аяк ченинде мансап катары Түндүк Кыргызстандагы бардык уруу башчы­лары кабыл ала баштаган деп эсептешет. Фоль­клор изилдөөчу Ы. Абдырахманов кыргыздын айрым урууларынын М. эмне экенин түшүнүп, бирок алар иштеген иштерди иштей албаганын белгилеген. Бирок Кыргызстан Россиянын колония­сына айлангандан кийин падыша өкмөтү М. сис­темасын өзунө атаандаш катары эсептеп, анын манызын өзгөртүүгө киришкен. Аны иш жузүнө ашыруу үчүн ар кандай реформалар (болуштук­тарды түзүү) журүп, атайын мыйзамдар (шай­лоо системасы) кабыл алынган. Ошондуктан бийликтен четте калбоо үчүн көпчүлүк манап­тар М-тын мурунтан калыптанып калган эти­калык каада-салтын бузууга (калыссыздык, па­ракорчулук) жол берип, натыйжада анын ка­дыры төмөндөп кеткен. М-тын качан пайда бол­гону белгисиз, бирок көпчүлүк изилдөөчүлөр аны

16-кылым аягы - 17-к-дын башында Түндүк Кыргызстанды бийлеген Манап бий менен байланыштырат.