МАНАГУА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:35, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНАГУА - Никарагуа Респ-нын борбору, шаар. Шаар айланасы менен өзүнчө администрациялык бирдик­ти - Манагуа­улуттук округун түзөт (андагы

Карлос Фонсека мавзолейи.

калктын саны 1,8 миллион). Тынч океандан 45 км. аралыкта, деңиз деңгээлинен 60 м бийиктикте, Мана­гуа көлүнүн жээгинде, тектоникалык депрессия зона­сында (катуу жер титирөөлөр болуп турат) жай­гашкан. Калкы 927,2 миң (2010). Панамерика шоссесиндеги ири жол тоому. Эл аралык аэро­порту бар. Текстиль, тамак-аш, химиялык, булгаа­ры-бут кийим, цемент, нефть ажыратуу ө. ж. ишканалары иштейт. М. - Борбордук Америкадагы илим менен билимдин түштүк борбору. Никарагуа ИА, 20дан ашык ЖОЖ, илимий коомдор, музейлер (анын ичинде Акауалинка - археол., революция ж. б.), улут­тук архив, улуттук театр жана парк бар. Барок­ко стилиндеги Эстелик ак сарайы, муниципал­дык собор сакталган. Калган курулуштары соң­ку мезгилге туура келип, бир кабаттуу; жер ти­тирөөгө туруктуу имараттар салынган. М. ис­пандар тарабынан 16-к-да негизделген. 1823- жылдан 1838-жылы чейин Борбордук Америка кошмо провинциясынын федерация курамына кирген. 1846-жылы шаар статусун алган. 1858-жылдан Ни­карагуанын борбору. Шаар бир нече жолу таби­гый кырсыктарга (1972-жылы жер титирөөдөн, 1998-жылы Митч ураганынан) учурап, кайра калы­бына келтирилген.