МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:35, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЧЫ - мамлекеттик кызмат­ты ээлеген, кызматы боюнча өзүнө берилген ыйга­рым укуктарды ишке ашыруу жагындагы ке­сиптик иши үчүн акчалай акы алып, туруктуу негизде иштеген жана анын аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү КРдин жараны. М. к-нын не­гизги милдеттери төмөндөгүлөр: 1) өзүнүн мил­деттерин ак ниеттүүлүк менен аткаруу; 2) М. к-нын жүрүм-турум эрежелерин жана этикасын сактоо; 3) өзүнүн кызматтык милдетин аткаруу үчүн за­рыл деңгээлде мамлекеттик тилди билүү; 4) жогору тур­ган жетекчилердин жана тиешелүү мамлекеттик орган­дардын өз ыйгарым укуктарынын чегинде чы­гарылуучу буйруктардын тескемелерин ж. б. че­чимдерин аткаруу; 5) жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин бузууга жол бербөө; 6) жа­рандардын, кызмат адамдарынын, ишканалар­дын, уюмдардын, мекемелердин, өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдардын кайрылуула­рын өз убагында жана объективдүү кароо, алар боюнча мыйзамдарга ылайык чечим кабыл алуу; 7) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга за­рыл квалификациялык деңгээлин кармап ту­руу; 8) мамлекеттик кызматтык жана мыйзам менен кор­голуучу башка сырларды сактоо; 9) мамлекеттик орган­дын белгиленген ички эмгек тартип эрежелерин сактоо.