МАМЛЕКЕТТИК ИНСПЕКЦИЯЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:35, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЛЕКЕТТИК ИНСПЕКЦИЯЛАР - атайын түзүлгөн мамлекеттик контролдоочу органдар. Негиз­ги максаты - мыйзамдуулукту бузууга жол бербөө, мамлекеттик тартипти чындоо жана аны сактоо боюнча чараларды колдонуу. М. и. КРдин мамлекеттик саясатын жүргүзүү үчүн КР Өкмөтүнүн, ми­нистрликтердин, ведомстволордун алдында тү­зүлөт. М. и. өзүнө баш ийген мекемелердин ишине, анын ичинде пландаштыруу, материалдык-техникалык жактан жабдуу, финансы жана кредит, кадр, эм­гек акы, башка социалдык маселелерди чечүүгө көмөк берет.