МАМАКЕЕВ Мамбет

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:02, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМАКЕЕВ Мамбет (1. 10. 1927-жылы туулган, азыркы Ысык-Көл обл., Ак-Суу району, Кереге-Таш айы­лы) — хирург, медицина илимдеринин доктору (1970), профессор (1972), КРдин эмг. сиң. врачы (1973), КР УИАнын академиги (1993; корр. мүчөсү, 1989), Казакстан МИАнын ардактуу академиги (1995),

КРдин мамлекеттик сыйлыгы лауреа­ты (1998), КРдин Баатыры (2004). КММИни (1952), ошол эле жерде аспиранту­раны (1958) бүтүргөн. КММИде ассистент (1958- 62), доцент (1962-72), ка­федра башчысы, профессор (1974-2002) болуп иштеген. 1996-жылдан КРдин Сала­маттык сактоо министрли­гинин алдындагы УХБнин директору. Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1987). 1980- жылдан КР хирургдар ассоциациясынын төра­гасы, КР УИАнын Ахунбаев атындагы сыйлыгы лауреа­ты. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1980-94) жана КРдин Жогорку Кеңешинин (1995-2000) депутаты. Клиникалык жана эксперименттик хи­рургия боюнча адис. 250дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 9 монографиясы бар. Нег. эмг. өттүн таш оору­сун хирургиялык жол менен дарылоо жана хирургиялык ша­шылыш жардам көрсөтүүгө арналган. Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Элдердин Дос­тугу, I жана III даражадагы Манас ордендери менен сыйланган.

Эмг.: Ич көндөйүндөгү органдардын хирургиялык катуу оорулары. Ф., 1964; 1967; Обходные анастомо­зы при осложненной желчно-каменной болезни. Ф., 1981; Хирургическая тактика при ранениях и разры­вах легких. Б., 1994.

Ад.: Турсунов Э. Биздин замандын баатыры. Б., 2007.