МАЛЬТАЛЫКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:35, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Ад.: Мальта//Страны мира. Краткий политико­экономический справочник. М., 1975; Мальта// Большая российская энциклопедия. Т. 18. М., 2011. МАЛЬТАЛЫКТАР - эл, Мальтанын негизги калкы. Саны 400 миң киши (2009). АКШ (30,5 миң), Австралия (93,3 миң), Улуу Брита­ния (30,2 миң), Канада (37,1 миң) жана Африка­нын кээ бир өлкөлөрүндө да жашашат. Маль­та, англис жана италян тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - католиктер. М-дын түпкү теги байыркы финикиялыктар (биздин заманга чейинки 13-кылым). Көп кылымдар бою М. гректер, карфагендик-

Карнавал кийимчен мальталыктар.

тер, римдиктер, готтор, византиялыктар, араб­дар, норманндар, испандар, француздар жана англистердин бийлигинде турган. Баскынчылар М-дын тиричилигине, маданиятына таасир тийгиз­генетикалык М. негизинен дыйканчылык, огородчулук, малчылык, балык уулоочулук менен кесиптениш­кен. Аялдар кара түстүү жамынгыч оронушат. Патриархаттык салт күчтүү.