МАНУЙЛЕНКО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:53, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНУЙЛЕНКО Юрий Иванович (30. 10. 1933- жылы туулган, Ысык-Көл обл., Түп району, Техникум айы­лы) - гигиенист, медицина илимдеринин доктору (1992), профессор (1999). КММИни бүтүргөн (1960). 1951-жылы Фрунзе медициналык окуу жайын бүтүрүп, Ош обл. санэпидстанциясында, Аламүдүн р-ндук ооруканасында фельдшер болуп иштеген (1951- 55). Жалал-Абад шаардык санэпидстанциясында врач, башкы врач (1960-69). Кыргызстан эпидемио­логия, микробиология жана гигиена ИИИде улук, башкы илимий кызматкер (1975-2001). Кыргыз про­филактика жана медициналык экология ИИИде бөлүм баш­чы (2001-05). 2005-жылдан КРСУда кафедра башчысы болуп иштейт. Эмгек гигиенасы боюнча адис. 140тан ашык йл. эмгеги жарык көргөн.

Эмг.: Экология человека в сурьмяном биогеохими­ческом регионе (в соавторстве). Ф., 1991. Радиацион­ная химия и радиоэкология. Б., 2006, 2007.