МАНН Генрих

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:14, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНН Генрих (27. 3. 1871, Любек - 12. 3. 1950, Калифорния штаты, Санта-Моника) - немис жа­зуучусу жана коомдук ишмер. Т. Манндын ага­сы. Берлин университетинде окуган. 1933-40-жылы анти­фашисттик эмиграцияда (Францияда) болгон. «Жыргал жерде» (1900), «Чын берилген» (1914),

«Кедейлер» (1917) романда­рынын автору. «Жек көрүү» (1933), «Кайрат» (1939) жый­нактарында,

«Кылым бая­ны» (1946) мемуарында буржуазиялык коомду реалисттик мүнөздө сындап, фашизм м­н согушту жек көргөнүн ча­гылдырат. «Падыша Генрих ГУнүн жаш чагы жана эр жеткен жылдары» (1935-38) экилтик романында «кылыччан гуманист» та­рыхый процессти ишке ашыруучу күч катары көрсөтүлөт.

Чыг.: Сочинения. В 8 т. М., 1957-58.

Ад.: Знаменская Г. Н. Г. Манн. Критико-биогра­фический очерк. М., 1971.