МАНИХЕЙЧИЛИК
МАНИХЕЙЧИЛИК — диний-философиялык окуу. 3-к-да Ж. Чыгышта, Персияда пайда болуп, анын негиздөөчүсү Манинин ысмынан аталган. Мани окуусу вавилон-халдейлик, иудейлик, христиандык, ирандык (зороастризм) жана гностикалык түшүнүмдөрдөн куралган. Мани окуусу боюнча: дүйнө бири-бирине карама-каршы туруучу эки белгилүү башталыштан: жарык менен караңгыдан, жакшылык менен жамандыктан турат. Гностиктердин таасири астында калыптанган бул окуу адамдан азыктануу, жыныстык турмуш, кара күч эмгеги жаатындагы өтө катуу такыбалыкты талап кылган. Мани «чыныгы кудайдын элчиси» катары Заратустранын динин алмаштырууга жасаган далалаты үчун ал зороастризмди жактаган дин кызматчылардын курмандыгы катары көз жумган. Н. К. Аалиева.