МАЛОВОДНЫЙ (Москва р-ну)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:14, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛОВОДНЫЙ, Ч а л а-К а з а к - Чүй обл­нун Москва районундагы кыштак. Чапаев атындагы айыл аймагына караштуу. Сокулук суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 614 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана т. ж. бекети Беловод­ский кыш-нан 40 км түндүк-чыгыш тарапта. Кыш­так 1929-жылы негизделген. Калкы 1001 (2012); не­гизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.