МАЛИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:14, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛЙ, Мали Республикасы­Батыш Африкадагы мамлекет. Батышынан Сенегал, түндүгүнөн Мавритания жана Алжир, чыгышы­нан Нигерия, түштүк-чыгышынан Буркина Фасо, түштүгүнөн Кот д’Ивуар жана Гвинея менен чекте­шет. Аянты 1240 миң км2. Калкы 14,0 миллион (2010; калкынын саны боюнча дүйнөдө 66-орунда).

Борбору - Бамако. Администрациялык-аймактык жактан 8 облус­ка жана округга бөлунөт. Акча бирдиги - КФА франкы.

М. - БУУнун (1960), Африка союзунун (1963-жылы чейин Африка биримдиги уюму), ЭВФ­тин (1963), Эл аралык реконструкциялоо жана

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009)

Облустары

Аянты, миң км2

Калкы, миң

Администрациялык борборлору

Гао

170,6

451,2

Гао

Каес

197,8

2314,7

Каес

Кидаль

151,4

41,7

Кидаль

Куликоро

89,8

2249,6

Куликоро

Мопти

88,7

1765,3

Мопти

Сегу

56,1

2310,8

Сегу

Сикасо

76,5

2161,8

Сикасо

Томбукту

409,0

529,6

Томбукту

Бамако округу

0,3

1211,8

Бамако

өнүктүрүү банкынын (1963), Эл аралык соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. М. - унитардык мамлекет. Конституциясы 1992-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы - президент­тик республика. Мамлекет башчысы - прези­дент, 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы - бир палаталуу парламент. Аткаруучу бийликтин жогорку орга­ны - премьер-министр башында турган өкмөт. М-да көп партиялуу саясий система орун ал­ган. Башкаруучу саясий партиялары: Демокр. жана прогресс үчүн Альянс, Демократия жана рес­публика үчүн фронт.

Т а б и я т ы. М. Түндүк жарым шардын тропик алкагында жатат. Жеринин бёти негизинен түздүктүү келип (орт. бийиктиги 200-300 ж), түштүк- батышында Фута-Жалон тоо тармактары (795 ж), түндүк-чыгышында Адрар-Ифорас (би­йикт. 1102 м) платосу жайгашкан. Эң бийик жери 1155 м. Түндүгүндө таштуу, кум-шагыл-

Хомбори шаарына жакын жайгашкан табигый кооз аймак.

дуу чөлдөр - Батыш жана Борбордук Сахара (Эрг-эль­Ахмар, Хамада-Сафия, Эль-Махия ж. б.) тарал­ган. Түштүгү куэст түздүктөрү менен чулганган. Климаты субэкватордук (түштүгүндө) жана тро­пиктик. Январдын орт. температурасы 19-21°С, июл­дуку 32-35°С. Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 50-150 мм, түштүгүндө 1500 мм. Кышкысын Са­хара тараптан кургак ысык харматан шама­лы согуп турат. Ири дарыялары: Нигер, Сене­гал (кеме жүрөт). Чыгышында, түндүк-чыгыш та­рабында вади (Тилемси, Азавак ж. б.) көп кез­дешет. Ички сууларга жарды. Ири суу сакта­гычтар курулган. Топурагы кызыл-күрөң. Чөл жана жарым чөл өсумдүктөрү, түштүк-батышында саванна өсөт. Нигердин дельтасында суу-саз өсүмдүктөрү басымдуу. Канаттуулардын 190дон

Файл:МАЛЙ 3.png

ашык түрү мекендейт. Суусунда балыктын ЮОдөн ашык түрү жана крокодил кездешет. Ан­чылыктын кесепетинен жаныбарлар дүйнөсү жакырданып кеткен (гиппопотам, суу эчкиси толугу менен жок болгон). Сүт эмүүчүлөрдүн 135 ТҮРҮ (анын 13ү жок болуу алдында) катталган. Коргоого алынган табигый аймактары, анын ичинде Букль-дю-Бауле улуттук паркы жана 3 суу-саз­дуу жерлер өлкөнүн аймагынын 3,7%ин ээлейт. Бандиагара тайпак тоосу Бүткүл дүйнөлүк му­растын тизмесине (1989) киргизилген.

К а л к ы.

М-де манде тилдеринде сүйлөгөн манден, сонинке, бозо, малинке, гур, фульбе, тукулёр, волоф ж. б. элдер жашайт. Калкы­нын 90%и ислам (сүннөттөр), 5%и христиан, калгандары салттуу жергиликтүү динди тутат. Мамлекеттик тили - француз тили. Орт. жыштыгы 1 км2ге 11,1 киши (2010; Африкадагы эң төмөнкү көрсөткүч). Калкынын жашынын орт. узакты­гы эркектериники - 50,6 жаш, аялдарыныкы - 53,8. Төрөлүүнүн деңгээли өтө жогору (ЮООге 42,3), өлүм-житим ЮООге 15,4 (жаш балдардын

Кати шаарындагы базар.

өлүмү өтө жогору, ЮООге 113). Шаар калкы 32% (2008). Ири шаарлары: Бамако, Сикасо, Каес, Сегу, Мопти.

Т а р ы х ы.

Мененин азыркы аймагына адам­дар палеолит доорунан эле мекендеген. Мали­лердин ата-бабалары аңчылык, балыкчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенишкен. Биздин заманга чейинки 3-миң жылдыкта алгачкы кыштактар пайда болгон; Биздин замандын 3-к-нан М. аймагы Батыш Африкадагы Гана, 13-к-дан Мали, 15-к-дан Сон­гай империяларынын курамына кирген. 14- к-дын аягында Масина, 17-к-дын 2-жарымын­да Сегу жана Каарта мамлекеттери түзүлгөн. 19- к-дын ортосунда Хаж Омар башында турган ту­кулёрлор бул мамлекеттерди басып алган. 19- к-дын аягында француздар тукулёрлор армия­сын талкалап, Батыш Судандын ички райондо­рун караткан. 1891-жылы Франция басып алган ра­йондорунда Франция Суданы колониясын не­гиздеген. 1895-жылы Франция Суданы Франция Ба­тыш Африкасынын (ФБА) курамына кошулган. Экинчи дүйнөлүк согуштан (1939-45) кийин Франция Суданында Африканын демокр. би­ригүү секциясы - Судан союзу партиясы түзүлгөн жана ал өлкөдөгү улуттук-боштондук кыймыл­ды башкарып, жетекчи саясий күчкө айланган. 1957-жылы Франция Суданы автономияга, 1958-жылы Франция ынтымагындагы Судан автономия респ. статусун алган. 1959-жылы Судан автономия респ. жана Сенегал М. Федерациясына биригип, 1960-жылы көз каранды эмес деп жарыяланган. М. Респ-касы деген ат менен өз алдынча жана көз ка­рандысыз мамлекет катары Франция ынтыма­гынан чыккан жана өлкөнүн конституциясын ка­был алган. М. Респ-касы 1960-жылы 28-сентябрда БУУга мүчө болуп, тышкы мамилесинде «по­зитивдүү бейтараптык» саясатын жүргүзө баш­таган. Өлкөнүн көз карандысыздыгын ар тарап­тан чындоо боюнча реформалардын кеңири програм­масын белгилеп, аны жүзөгө ашыруу үчүн М. Кейта баш болгон саясий жана мамлекеттик ишмерлер Революцияны коргоонун улуттук комитетин түзүп, бүт бийликти колуна алып, өлкөнүн экономикалык абалын оңдоо жана коррупцияга каршы күрөшүү' боюнча бир катар чаралар көргөн. Бирок 1968-жылы 19-ноябр­да М-де аскер төңкөрүшү болуп, Улуттук-бош­тондук аскер комитети (УБАК) түзүлүп, бийликке келген УБАКтын жетекчилери өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын негизги принциптери өзгөрбөстүгүн, кийин башкаруунун конститу­циялык формасына өтөрүн жарыялаган. 1976-жылы сентябрда М. элинин демокр. союз (МЭДС) пар­тиясы түзүлгөн. МЭДС тынчтыкта жанаша жа­шоо жана кызматташуу, согуш блокторуна ко­шулбоо, көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн элдерди колдоо, эл аралык тынчтык жана кооп­суздук үчүн күрөшүү саясатын жүргүзүүгө ара­кеттенген. 1980-90-жылдарда Мененин ички сая­сий абалы курчуган. 1990-жылы өлкөнүн түндүгүндө саясий турмушунан четте калган көчмөндөрдүн талаптары орундалып, саясий укуктарга ээ бол­гон. 1991-жылы өлкөнүн президенти М. Траоре ка­макка алынып, 1992-жылы президенттикке А. У. Ко­наре шайланган. 1990-жылы Мененин а. ч. жого­рулап, пахта өндүрүү боюнча Африкада 2-орун­га чыккан. 2002-жылы президенттик шайлоодо А. Т. Туре бийликке келген, 2007-жылы кайра шай­ланган. Анын саясий багыты - заманбап агро­өнөр жай өндүрүшүн түзүү, коррупцияга каршы күрөшүү, мектеп жана ооруканаларды кеңейтүү ж. б.

Чарбасы.

М. — агрардык өлкө. Дүйнөдөгү аз өнүккөн мамлекеттердин бири. Чет өлкөлүк финансынын жардамы менен өнүгүпкелүүдө. ИДП­нин көлөмү 17,0 миллиард доллар (АКШ, 2010), аны киши башына бөлүштүргөндө 1,2 миң доллар­дан туура келет. Андагы а. ч-нын үлүшү 46,1%, тейлөө чөйрөсүнүкү 33,8, ө. ж. менен курулуштуку 20,1. Алтын (Африкада 3-, дүйнөдө 12-орунда),

алмаз, фосфорит казылып алынат. 2007-жылы 515 миллион кВт-с электр энергиясы, анын '/^и ГЭС­те өндүрүлгөн. Ө. ж-нын негизин а. ч. азыкта­рын кайрадан иштетүү түзөт. Тамак-аш (пахта­дан жана жер жаңгактан май сыгылат, кант ж. б.), текстиль, химиялык, электр-техникалык, металл иш­тетүү, цемент ө. ж. иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүгү өнүккөн. Негизги экспорттоочу а. ч. өсүмдүгү - пахта. Негизги азыгы - таруу, ак жүгөрү (сорго), жүгөрү. Батат, картөшкө, ма­ниок, жашылча, бакча өсүмдүктөрү, май берүү­чү жаңгак жыгачы (карите) өстүрүлөт. М. Ба­тыш Африкада малдын саны жана калктын этти керектөөсү боюнча 1-орунда турат. Кой, эчки, бодо мал, төө жана эшек асыралат. Балык кармалат. Автомобиль жолунун узундугу 18,7 миң км (анын ичинде 3,4 миңи асфальтталган; 2004), т. ж-нуку 593 км (2008). М. аркылуу Транссахара, Транссахел ма­гистралдары өтөт. Нигер дарыясында кеме жүрөт. Баш­кы порту - Куликоро. Бамако жана Гао шаарында эл аралык аэропорттор бар. Сыртка алтын, пахта, жер жангак, тирүү мал чыгарат. Негизги соода шериктери: Кытай, Европа союзунун мүчөлөрү, Сенегал, Кот-д’Ивуар, Таиланд.

Мали акчасы - КФА франкы.

Маданияты.

Билим берүү тармагы мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү акы­сыз 9 жылдык, 3 жылдык толук орто, кесип­тик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 76,2% (2008). Мали университети (1993), Башкы илимий мекеме­лер, ири китепкана, музейлер Бамако шаарында жайгашкан. Француз тилинде «Эоугпа! оШсхе! с!е 1а КёриЪНцие с!и Ма11», «Б’Еззог», «ЬезЕсЪоз», «Ье КёриЪИсаш», «Ь’Аигоге» гезиттери, ал эми бамбара тилинде «К1Ъаги» гезити чыгат. Радио­уктуруусу 1957-жылдан, телекөрсөтүүсү 1983- жылдан жана Улуттук маалымат агенттиги 1977-жылдан иштейт.

11-19-к-да М. адабияты араб, француз тилинде өнүккөн. «Кандуу бет кеп», 1976, романы, «Ча­кинин өлүмү», 1962, драмасы); И. Б. Траор («Өт­көн элес», 1964, романы) ж. б. жазуучулардын чыгармаларында европалык цивилизация таасирдүү чагылдырган.

М-де байыркы эстеликтер неолит дооруна таан­дык: Бандиагардагы аска беттерине чегилген чийме-сүрөттөр. Шаарларда коомдук имараттар, мечиттер, жергиликтүү «Судан стилиндеги» турак-жай­лар жайгашкан. 1950-жылдардан азыркы тип­теги үйлөр салына баштаган. Ага социалисттик өлкөлөр (СССР, Болгария ж. б.) көмөк көрсөтүшкөн. 1960-жылы көз каранды эместик жарыялангандан

Женнедеги мечит. 14-кылым (1830-жылы бузулуп, 1906- 07-жылы калыбына келтирилген).

кийин профессионалдык сүрөт искусствосу, салттык скульптура өнүккөн, жыгач кооздоо, жез куюу, жылан, крокодил терилеринен буюм жасоо (сум­ка, кур ж. б.), кездеме токуу, бет кептерди жа­соо кеңири тараган. М-де театр 50-жылдардан

Бамакодогу «Африка мунарасы». 1998-2000. Тимб­ли архитектура бюросу.

баштап өнүгө баштаган. 1960-жылдан кийин театр мамлекеттин карамагына өткөн.

Ад.: Витухина Г. О., Онучко В. Г. Республика Мали: справочник. М., 2005; Кулик. Е. Г. Многоликий мир африканского кино. М., 1993.