МАЛАЙЗИЯ
МАЛАЙЗИЯ (Ма1аув1а), Малайзия Федер а ц и я с ы (РегзекиШап Тапак Ма1аув1а, англ. ЕейегаПоп 01 Ма1ауз1а) - Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Түштүк Кытай деңизи экиге (батыш жана чыгыш) бөлөт. Батыш М. Малакка жарым аралынын түштүк жээгинде орун алып, ага жээк тилкесинде жайгашкан аралдар (Пинанг, Ланкави, Сирибуат ж. б.) кирет. Ал түндүгүнөн Тайланд, түштүк-чыгышынан Индонезия, түндүгүнөн Бруней менен чектешип, чыгышынан Тынч океандын деңиздери Сулу, Сулавеси менен чулганат. Түштүк-батышынан Малакка кысыгы аркылуу ин-


донезиялык Суматра а-нан, түштүгүнөн кууш Жохор кысыгы (дамба курулган) менен Сингапур а-нан бөлүнүп турат. Чыгыш М. Калимантан а-нын түндүк-батыш жагын жана майда аралдарды (Лабуан, Банги, Баламбанган ж. б.) ээлейт. Аянты 329,8 (ички акваториясыз 328,6) миң км2. Калкы 29,3 миллион (2011). Борбору - Куала-Лумпур (улуттук жана мыйзам чыгаруу борбор, парламент жана монархтын резиденциясы). М-нын аткаруучу жана сот органдары атайын курулган администрациялык борбору Путражаяга (Куала-Лумпурдун шаар айланасы) көчүрүлгөн. Администрациялык-аймактык жактан 13 штатка (7 султандык, 2 княздык, 4 губернаторлук) жана 3 федерация аймагына бөлүнөт. Акча бирдиги - малайзия ринггити.
|
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009) |
|||
|
Администрациялык бирдик |
Аянты, кж2 |
Калкы, миң |
Администрациялык борборлору |
|
Штаттар |
|||
|
Султандыктары: |
|||
|
Жохор |
18986 |
3149,2 |
Жохор-Бару |
|
Кедах |
9426 |
1873,5 |
Алор-Сетар |
|
Келантан |
14943 |
1423,8 |
Кота-Бару |
|
Паханг |
35965 |
1462,4 |
Куантан |
|
Перак |
21005 |
2173 |
Ипох |
|
Селангор |
7910 |
6407,7 |
Шах-Алам |
|
Тренгану |
12955 |
1016,6 |
Куала-Тренгану |
|
Княздыктары: |
|||
|
Негери-Сембилан |
6643 |
989,7 |
Серембан |
|
Перлис |
795 |
215,5 |
Кангар |
|
Губернаторлук- |
|||
|
тары: |
|||
|
Малакка |
1650 |
709,4 |
Малакка |
|
Пинанг |
1046 |
1400,1 |
Жоржтаун |
|
Сабах |
73620 |
3463,1 |
Кота-Кинабалу |
|
Саравак |
124449 |
2446,5 |
Кучинг |
|
Федерация |
аймактары |
||
|
Куала-Лумпур |
243 |
1469 |
Куала-Лумпур |
|
Лабуан |
92 |
93,9 |
Бандар-Лабуан |
|
Путражая |
46 |
50 |
Путражая |
М. - БУУнун (1957), Ынтымакташтыктын (1957), ЭВФтин (1957), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1957), Түштүк- Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясынын (1967), Ислам конференциясы уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1989), Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын мүчөсү (1995).
Мамлекеттик түзүлүшү.
М. - федерациялык мамлекет. Конституциясы 1957-жылы (1963-жылы толуктоолор киргизилген) кабыл алынган. Башкаруу формасы - конституциялык монархия. Мамлекет башчысы - монарх. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - эки палаталуу (Өкүлдөр палатасы жана Сенат) парламент. Аткаруу бийлигин премьер-министр башында турган министрлер кабинети ишке ашырат. М-да көп партиялуу саясий система орун алган. Башкаруучу саясий партиялары: Улуттук фронт, Ислам партиясы, Демокр. кыймылдар партиясы ж. б.
Табияты.
М-нын табиятынын жана рельефинин өзгөчөлүгү көп учурда анын обочолонгон эки аймакта жайгашкандыгы менен түшүндүрүлөт. Ал экватордук алкакта жатат. Малакка жарым аралынын көбүн дөңсөөлөр, жапыз жана бөксө тоолор (бийикт. 1000-2000 м; эң бийик жери Тахан тоосунда, 2190 м). Көпчүлүк бөлүгү саздак келип, мангр өсүмдүктөрү өсөт. Калимантан а-нын жээги булуң-буйткалуу, ички бөлүктөрү тоолуу (эң бийик жери 4101 м). Айрыкча түндүк-чыгышы (түштүктөн түндүктү көздөй жайгашкан булуңдарда: Дату, Бруней, Маруду, Лабук, Дарвел, Тавау ж. б.) шуру (коралл) рифтери менен курчалган. Малакка жарым аралынын жээгинде туурасы 15-80 кмге жеткен жана көпчүлүк бөлүгү саздуу аллювий-деңиздик жана дельта түздүктөрү орун алган. Калимантан а-нын жээк тилкесинин туурасы 60 клгге жеткен аллювий-деңиздик түздүктөр менен курчалган. Аралдын борбордук бөлүгүндөгү түздүктөр дарыя өрөөндөрү менен тилмеленип, дөңсөөлөр (орт. бийиктиги 300 м) менен алмашат. Индонезия менен болгон чек арасында субкендик (Капуас-Хулу тоо кыркасы) жана субмеридиан багытында жаткан бийиктиги 2000-2400 мге жеткен тоо кыркалары орун алган. Эң бийик жери - Кинабалу чокусу (бийиктиги 4101 м). Жарым аралдын тоолуу борбордук жана-* түндүк бөлүктөрүндө жана Калимантан айылындагы тоолордо (Саравак штаты) дүйнөдөгү эң чоң (Саравак) карст үңкүрлөрү орун алган. М-да калай (дүйнөдө 3-орун), жез, темир, боксит, нефть жана табигый газ (Түштүк Кытай деңизиниң шельфинде), таш көмүр, алтын, марганец, вольфрам, сейрек кездешүүчү элементтер ж. б. кендер бар. Климаты түндүгүндө субэкватордук муссондук, көпчүлүк бөлүгүндө экватордук нымдуу. Абанын орт. айлык температурасы жыл бою аз гана өлчөмдө өзгөрөт. Түздүктөрдө 25- 27°С. Температуранын суткалык өзгөрүүсү бир кыйла жогору: жээк тилкеде 5-10°С, түздүктөрдө 8- 12°С. Жылдык жаан-чачыны жээк тилкесинде
2000-3000 мм, тоолордо 5000 лгжден жогору.

Жаан-чачын нөшөрлөп жаайт. М-да кыска, бирок суусу мол дарыялар көп. Нөшөрлөгөн жаанчачын учурунда дарыя сууларынын көлөмү кескин көбөйөт. Ири дарыялары Ражанг (563 км), Барам402 км), Кинабатанган (560 км) ж. б. Айрым дарыяларында кеме жүрөт, бирок алардын дельталары саздак. Эң чоң көлү - Алаотра. Тоолорунда кооз шаркыратмалар кездешет.
М-да бОтан ашуун суу сактагыч курулган. Күрсүз кызыл ферралиттүү тоо топурагы (бийик платодо) жана күрдүү кара топурак мүнөздүү. Ошондой эле мангр шортоң топурагы да кездешет. Токойлор өлкөнүн аянтынын 63,6%ин ээлейт. Нымдуу экватордук, субтропиктик токойлор ж. б. өсөт. Өсүмдүктөрү - дээрлик эндемиктер. Эң башкы экол. көйгөйлөрүнүн бири токой аянттарынын кескин кыскарып жатканы. Биол. ар түрдүүлүгү боюнча дүйнөдө алдынкы орунда. Флорасынын курамында өсүмдүктөрдүн 15,5 миң түрү (анын ичинде бакдарактын 2650, орхидеянын 800 түрү; жоголуп кетүү аЛдында турган өсүмдүктүн түрү 680) белгилүү. Сүт эмүучүлөрдүн 330 (анын 50сү жоголуп кетүү алдында), канаттуулардын 750 (40), сойлоочулардын 388 (21), жерде-сууда
жашоочулардын 200 (45) түрү кездешет. Балыктар (1500дөн ашык түр) сууда быкылдайт. Коргоого алынган деңиз акваториясынын аянты 499,6 миң га (2007), кургактыкта өлкөнүн аянтынын 5,9%ин түзөт. Малакка жарым аралында Таман-Негара (өлкөдөгү эң мурда уюшулган), Танжунг-Пиай, Тасек-Бера, Калимантан а-нда Бако, Кинабалу (Бутпкул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген) жана Гунунг-Мулу улуттук парктары уюшулган. Суу-саздуу 126,8 миң га жери эл аралык мааниге ээ, коргоого алынган 6 аймак [ал жерде жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жана жоголуп бараткан түрү - орангутан (Саравак штатында), азия пили (Куала-Гандах; Малакка жарым аралында)] түзүлгөн. Кен байлыктары: калай, жез, алтын, темир ж. б.
Калкы.
Элинин негизин малайлар (66,4%) түзөт. Ошондой эле даяктар оранг-лауттар, аслилер жана кытайлар, явалыктар, сулулар, тайлар жашайт. Расмий тили - малай (малайзия) тили (англис тили кеңири таралган; мамлекеттик иш кагаздары да англис тилинде жүргүзүлөт). Калкынын 62,4%и мусулман, калгандары буддизм
(19,2%), христиан (9,1%), индуизм (6,3%), конфуцийлик жана даосизм (3%) диндерин тутат. Орт. жыштыгы 1 км2ге 87,4 киши (2009). Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники - 70,6 жаш, аялдарыныкы - 76,2. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 адамга 22,2), өлүм-житим ЮООге 5,0 (жаш балдардын өлүмү ЮООге 6,3). Шаар калкы 70% (2008). Ири шаарлары: Куала-Лумпур, Субанг-Жая, Келанг ж. б.
Тарыхы.
М. аймагында адам алгачкы палеолит доорунда эле жашаган. Эң эзелки калкы - негр-австралоид уруулары. Азыркы малайлардын ата-бабалары М-га биздин заманга чейинки 1-к-дын башында Борбордук Суматрадан келген. Биздин заманга чейинки 5-6-к-да Индия, Кытай жана Фунань менен байланышкан суу каттам жол түйүндөрүндөгү порт шаарчалардан алгачкы феодалдык мамлекет пайда болгон. 15-16-к-да М. аймагы Малакка султандыгына баш ийген. 1511-жылы Менены португалдар, 1641-жылы нидерланддар басып алган. М-нын батыш аймагында (Малайяда) бир нече султандык болгон. Алардын күчтүүсү Жохор 1756-58, 1983-87-ж-дагы согуштардан кийин голланддарга баш ийген. 18-к-дын аягында Менены англ. колониячылар басып ала баштаган. 1888-жылы Сар-
вак менен Сабах Британия протекторатын орноткон. 19-к-да өзүнүн Малайядагы ээликтеринен Британия Малайя колониясын (Малайзия мамлекеттеринин федерациясы, ММФ) түзгөн. 19- к-дын аягында М-дагы чет элдик капиталдын 70% и англичандарга тиешелүү болуп, каучук иштетүүчү, коргошун эритүүчү ишканалар, т. ж. куруучу, камсыздандыруу жана транспорт компаниялары, медициналык мекемелер, мектептер ачылган. Жергиликтүү эл англ. колониячыларга каршы нечен жолу көтөрүлгөн. 1930-жылы Малая компартиясы (МКП) түзүлүп, алар 1934-жылы Малайяда жалпы иш таштоо уюштурган. 2-дүйн. согуш учурунда М. аймагын япон аскерлери оккупациялаган (1942). Малай элдеринин япондук баскынчыларга каршы армиясы уюшулуп (1943), куралДУУ күрөшкө чыгышкан. Япония багынгандан кийин (1945-жылы 2-сентябрь) М. аймагына кайтып келген британдык аскерлер (250 миң) Сингапурдан Малайяны бөлүп, 1946-жылы 1-июнда британ колониясынын статусундагы Малай Союзун (1948-жылдан Малай Федерациясы, МФ) түзүп, Саравак менен Сабахты Улуу Британия колонияларынын карамагына берген. Жаңы түзүлгөн колония элдик нааразычылыктарды туудурган. 1948-жылы МФтеги улуттук-бошт. кыймыл күч менен басылып, МКП ж. б. бир катар демокр. уюмдарга тыюу салынган. Бирок азатчыл күрөш токтобой, 1949-жылы февралда Малай элдеринин боштондук армиясы түзүлгөн. МФтин Мыйзам чыгаруу кеңешине шайлоодо (1955) Альянс жеңип, Абдул Рахман башында турган өкмөт түзүлүп, 1957-жылы 31-августта МФнин көз карандысыздыгы жарыяланган. Бирок МФ аймагында жана Сингапурда Улуу Британия, Австралия жана Жаңы Зеландиянын куралдуу күчтөрү жайгаштырылган. Британ өкмөтү менен узак сүйлөшүүлөрдөн кийин 1963-жылы 16-сентябрда Малай Федерациясы (Сингапур, Саравака, Сабаха, Бруней) түзулүп, ислам расмий дин катары таанылган. 1960-жылдардын 2-жарымынан М. өкмөтү блокторго кошулбоо жана тынчтыкта жанаша жашоо саясатын жүргүзүүгө өтүп, премьер-министр (1970-жылы сентябрдан) Абдул Разак Түштүк- Чыгыш Азияны бейтараптоо планын көтөргөн. 1981-жылы июлда МФке Махаткир Мохамеддин премьер-министрликке келиши менен өкмөт экономикалык модернизациялоо багытында экспорттолчу товарларды чыгаруу жана кайра иштетүү ишканаларын күчөтүп, инфраструктураны жаңыртууга багыт алган. М. дүйнөдө каучук, коргошун, пальма майын экспорттоо боюнча алдынкы орундарда. М. жогорку технол. сапаттагы тиричиликте кеңири колдонулуучу техникаларды (радио, электроника, компьютер ж. б.) чыгаруу боюнча маанилүү борборго айланган. 1997-98-жылы Азиядагы финансы кризисинде М. ЭВФтин жана батыш фондуларынын жардамынан баш тартып, Түштүк-Чыгыш Азияда региондук экономикалык интеграцияны күчөтүү идеясын активдүү колдогон. М. дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү менен дипломатиялык жана соода мамилелери бар. 2009-жылдан премьер-министри - Нажиб Тун Абдул Разак.
Экономикасы.
М. - заманбап индустриялуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Социалдык өнүгүү деңгээли өнүгүп келе жаткан өлкөлөр арасында өтө жогору. ИДПнин көлөмү 461,4 миллиард АКШ долларын (2010) түзүп, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр арасында 14- жана Түштүк-Чыгыш Азияда 3-орунда. Аны киши башына бөлүштүргөндө 14,7 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 56, ө. ж-дыкы 37, а. ч-ныкы (токой жана балык чарбасы менен бирге) 7. Өлкөгө түз келген чет өлкөлүк инвестициянын көлөмү 8,4 миллиард доллар. Ири инвесторлору: Япония, Сингапур, АКШ, Германия, Фран-
ция, Австралия, Тайвань провинциясы (Кытай). Улуттук ири мамлекеттик компаниялары: «РеЪгопав» («РеЪгоИат Мазгопа! Вегйай»; өлкөнүн ири нефть-газ корпорациясы), «Тепа§а Мавгопа!» (электр энергетика), «РегизаЪап СНотоЪИ МаЗ1опа1» («РгоСоп») жана «Регобиа» (автомобиль чогултат) ж. б. 2008-жылы 120,5 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 95% и ЖЭСке туура келет. Электроника, электр-техникалык, машина
КУРУУ (жарым өткөргүчтөр, интегралдык микросхемалар, тиричилик кондиционерлери; дүйнөдөгү эң алдынкы өндүрүш), жыгач иштетүү, түстүү металлургия (негизинен калай эритилет; жылына 35 миң т, дүйнөдөгү эң ири завод), химия (табигый каучукту өндүрүү боюнча дүйнөдө 3-орунда, Тайланд менен Индонезиядан кийин; жылына 1,27 миллион т), нефть-химиялык (полипропилен, этилен, пропилен, параксилен, бензол ж. б.), фармацевтика (негизинен витаминдер), парфюмерия-косметика (пальма, кокос, арек майлары колдонулат), жыгаччылык, тамак-аш ж. б. ө. ж. ишканалары иштейт. Куала-Лумпурдун шаар агломерациясынын түштүк бөлүгүндө Түш,- Чыгыш Азиядагы эң ири технополис (администрациялык борбору - Сайбержая; «мультмедиа супер-коридору» же «малайзия силикон өрөөнү») өнүгүүдө. Автомобиль өндүрүшү жылына 442 миң даана машина (Түштүк-Чыгыш Азияда Тайланддан кийин 2-орунда) чогултат. А. ч. техникаларын (трактор, шалы жыйноочу комбайн ж. б.) чыгаруу жана кеме куруу өнүккөн. Кеме оңдолот. Нефть (34,2 миллион т, 2007) жана газ (1,7 миллион т) казып алуу боюнча Түштүк-Чыгыш Азияда 2-орунда (Индонезиядан кийин). Өлкөнүн ички керектөөлөрүн толугу менен канааттандырат. Негизги азыктары - күрүч, кассава, жер жаңгак ж. б. Эчки, кой, бодо мал, чочко асыралып, үй куштары багылат. Балык уулоо өнүккөн. Деңиз продуктулары даярдалат. Автомобиль жолунун узундугу 98,7 миң км (2008), т. ж-нуку 1890 км. Дарыяларында, деңизде кеме жүрөт. Ири порттору: Келанг, Танжунг-Пелепас, Пасир-Гуданг ж. б. Сыртка нефть, каучук, өсүмдүк майын, калай, тропик жыгачтарын, автомобиль, бут кийим, кездеме, электрондук ө. ж. продукциясын (транзистор), радиотех. каражаттарды ж. б. чыгарат. Негизги соода шериктештери: Япония, АКШ, Сингапур, Европа Биримдиги өлкөлөрү, Түштүк Корея, Кытай.


Малайэия акчасы - малайзия ринггити.
Маданияты.
Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, 11 жылдык милдеттүү акысыз орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Расмий окутулуучу тил - малай тили, ошондой эле кытай жана тамиль тили. 15 жаштан жогорку калктын сабаттуулугу 91,9% (2008). Кесиптик коллеждер, мамлекеттик университеттер, илимий мекемелер, китепкана, музейлер Куала-Лумпуре шаарында жайгашкан, анын ичинде Малайя университети (1962), Азия искусствосу музейи (1962), Улуттук китепкана (1966), Улуттук музей (1963) ж. б. бар.
Массалык-маалымат каражатт а р ы. Малай тилинде «ВегКа Напап», «Шизап Ма1аув1а», «Шивап Ме1ауи», англис тилинде «В1в1пез8 Т1тез», «Тйе Ма1ау МаП», «Тйе Меда
81гаИ8 Т1тез, «Тке 81аг», кытай тилинде «Синчжоу жибао», «Чжунго бао» ж. б. гезит-журналдары чыгат. Радиоуктуруусу 1964-жылдан, телекөрсөтүүсү 1963-жылдан, Улуттук маалымат агенттиги 1967-жылдан иштейт.
А д а б и я т ы.
Алгачкы жазма эстеликтери 17-к-га таандык. М. жаңы адабиятына Абдуллах бин Абдулкадир Мунши негиз салган. 1965-жылы Куала-Лумпур шаарында Тил жана адабият коому, 1958-жылы жазуучулардын улуттук союзу түзүлгөн. 19-к-дын аягы - 20-к-дын башында малайя тилиндеги басма сөз исламды жаңылоо кыймылы адабиятка агартуучул көз карашты жайылткан. Буга Саид Шейх бин Ахмад аль-Хадинин Египет турмушун баяндаган «Фарида ханум» романы мисал.
Архитектура жана сүрөт искусствосу.
М. искусствосунун эң байыркы эстеликтери неолит дооруна таандык. Малака жарым аралында 50гө жакын будда жана инди курулуштарынын калдыктары сакталып калган (2- 6-кылым). Эң атактуу архитектуралык эстеликтердин бири - Букит-Бату-Пахат (Кедах, 9-10-кылым) храмчандиси. 14-15-к-да М-нын аймагына исламдын таралышы менен диний архитектуранын жаңы типтери - мечиттер, минареттер, мавзолейлер пайда болгон, эң эскилери - Малаккадагы Перингит
(1720-жылы ч.), Теренгкера (1728), Кампунг-Хулу (1728), Кампунг-Клинг (1748) жана Кампунг-лаут (1730, Келантан штаты) мечиттери.
М у з ы к а с ы.
М-нын полиэтникалык музыкалык маданиятынын негизин салттык музыка түзөт. Көз каранды эместикти алуу менен М-да батыш тибиндеги музыкасы өнүгө баштаган.
Т е а т р ы.
М-нын байыркы театрлашкан ритуалдар менен байланышкан салттык театрынын негизги формасы болуп 4 түрдө жашаган ваянт эсептелет.
К и н о с у.
Биринчи малай фильми «Лейли жана Мажнун» (1933, режиссёр Б. С. Раджханс) болуп эсептелет. 1937-жылы Р. Ран Шо менен Ранми Шо «8Ьа\у ВгоЧгегз» киностудиясын Сингапурда негиздешкен. 1981-жылы Улуттук кинокорпорациясы (РША8) түзүлгөн. 1980-жылдан (ар жыл сайын, ар кайсы шаарда) М-нын улуттук кинофестивалы өткөрүлүп турат. 2007-жылдан жыл сайын Куала-Лумпур ЭКФи өткөрүлөт.
Ад.: Колосков Б. Т. Малайзия вчера и сегодня. М., 1984; Малайзия: справочник. М., 1987; Погадаев В.А., Погадаева П. В. Великий актёр Малайзии //Азия и Африка сегодня. 2009. № 4; Тюрин В.А., Цыганов В.А. История Малайзии. XX век. М., 2010; Малайзия// Болыпая российская энциклопедия. Т. 18. М., 2011.






