МАТЕМАТИКАЛЫК ЛОГИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАТЕМАТИКАЛЫК ЛОГИКА - ой жүгүртүү (корутунду) ыкмаларын изилдөөнүн математикалык ыкмаларын камтыган логика; ой жүгуртүүнүн дедукциялык ыкмаларынын математикалык теориясы. М. л. 20-к-дын башында математикалык негизги теория­лардын тез өнүгүшүнүн, ошондой эле антиномдор, ал­горитм түшүнүгү ж. б. илимдердин негизинде пайда болгон. Бул метод немис математиги Д. Гильбертке (1862-1943) таандык. 19-к-дын орто ченинде илимпоздор логиканы алгебр. сис­тема түрүндө карап, кадимки математикалык методдор менен аныктоого аракеттенишкен. Бул тармак боюнча англис илимпозу Ж. Буль (1815-64) көп иш жүргүзгөн. Азыркы алгебр. логика теориялык жана практикалык ийгиликтерге ээ болууда, к. Логика.

Ад.: Ершов Ю. Л„ Палютин Е. А. Математическая логика. 5-е изд. М., 2009; Менделъсон Э. Введение в математическую логику. 4-е изд. М., 2010.