МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:51, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ - таратууга атайын арналган социалдык институттар (басмалар, агенттиктер, редакциялар, студиялар) аркылуу маалыматты массалык аудиторияга таратуу. Кабардын тиражын көбөйтүүнүн жана таратуу­нун техникалык каражаттарынын өнүгүшү жана жалпы сабаттуулук 20-к-дын башында массалык маа­лымат каражаттарынын (ММК) пайда болу­шуна алып келди. М. к. коомду мобилизация­лоого, үгүт жүргүзүүдө жана коомдук пикир жа­ратууда маанилүү куралга айланды. Маалымат­тын уюмдашкан институттар аркылуу жана борбор­лоштурулган түрдө таралышы М. к-ны масса­лык аң-сезимди жана жүрүм-турумду көзөмөл­дөөнүн эң майнаптуу жана эң зарыл каражатына айландырды. М. к-нын мазмунуна жана форма­ларына мамлекет, ар кыл саясий топтор, ры­нок механизмдери, жарандык коом институттары таасир тийгизет. 1990-жылдардан Интернеттин жайылышы, медиа ресурстарды активдештирүү ар бир адамга маалыматты кеңири коомчулук­ка жеткирүүгө жана кабыл алынган маалымат­ка ой-пикирин билдирүүгө мүмкүндүк берүү менен М. к-нын мүнөзүн олуттуу өзгөрттү.

Ад.: Харрис Р. Психология массовых коммуникаций. 4-е изд. СПб.; М., 2001; Федотова Л. Н. Социология массовых коммуникаций. СПб., 2009; Назаров М. Массовая коммуникация и общество. 4-е изд. М., 2010.