БИРИНЧИ МАЙ (Алай районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:36, 12 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИНЧИ МАЙ – Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Корул айыл округуна караштуу. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 8 км түштүк-батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 89 км. Деӊиз деӊгээлинен 1185 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1676 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп бар.