МАРТИН ДЕКЛАРАЦИЯСЫ (1918)
МАРТИН ДЕКЛАРАЦИЯСЫ (1918) - Словакиянын бирдиктүү Чехословакия мамлекетине кошулушу жөнүндө Словак улуТтук кеңешинин (азыркы Мартин шаарында түзүлгөн) декларациясы. Словак улуттук кеңеши 1918-жылы 30-октябрда кабыл алган. Австрия-Венгрия империясынын кулашы жана Чехословакия мамлекетинин түзүлүшү Словакияда кулач жайган элдик кыймылдын натыйжасы болгон.