МАРКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:51, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРКА (немисче Магк - чек ара, чек ара обл.) - 1) о. кылымдагы Батыш Европа өлкөлөрүндө айдоо жер өздүк менчик, токой, жайыт ж. б. жерлер жалпы менчик болгон айыл жамааты. 5-6-к-да Батыш Рим империясынын аймагын­дагы герман урууларында таралган. Адегенде М. эркин дыйкандар бирикмеси болуп, ага кирген­дер айдоо жерлерин жеке менчик, жайыт, то­койлорду жамааттын жалпы менчиги катары пайдаланышкан. Феодалдар бардык жерди тар­тып алгандан кийин М. жоюлган; 2) орто кылым­да негизинен Франк мамлекетинде жана Ыйык Рим империясында чек арадагы округ; аскер­дик жана саясий автономияга ээ болгон.