МАРВАЗИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРВАЗИ Шараф аз-Заман Тахир (1056-1120) - сельжук султандарынын табыбы, энциклопе­дист-илимпоз. Мененин өмүр баяны тууралуу маа­лымат калган эмес. Мерв шаарында туулган деген божомол бар. «Таббаи ал-Хайаван» («Жаныбар­лардын табияты») аттуу китептин автору ката­ры белгилүү. Ал китеп негизинен зоология или­мине арналып, анын ичинде ар кайсы өлкө (мисалы, Маве­раннахр, Хорезм) жана элдер [мисалы, огуз (гузз), түркмөн, кыргыз, ягма, карлук ж. б.] жөнүндө бир аз маалымат берилген. Анда түрктөр ар

кандай уруу, уруктарга бөлүнгөнүн, анын бири огуздар болуп, алар 12 уруудан турганын, ис­лам динин кабыл алган түрктөр «түркмөндөр» деп аталып калганын, ислам динине киргендер­дин саны өсүп, акыры алар беркилерди сүрө баш­таганын, кээ бир уруулар (мисалы, сары) сүннөткө отургузуу адатынан коркуп, көчүп кетишкенин жазган. Бирок анын эмгегинде кээ бир уруулар­дын этностук-саясий мамилелери (мисалы, кун менен каилердин кыпчактарды сүрүшү) жөнүндөгү маа­лыматтар тууралуу карама-каршы пикирлер кезигет. М. боюнча огуз-кыргыздар Мавераннахр менен Хорезмдин (Хуварезм) талаа-чөлдөрүндө жашап, көп сандуу болушкан, кимактар болсо алардын түндүгүндө жашаган. Мындан тышка­ры автор кыргыздардын диний көз карашы туу­ралуу да бир аз маалыматтарды берген.

Ад.: Ахинжанов С. М. Кыпчаки в истории средневе­кового Казахстана. А., 1989; Кляшторный С. Г., Сул­танов Т. И. Государства и народы евразийских степей. Древность и средневековье. СПб., 2000; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана / Сост. Т. Джуманалиев. Т. 1. Б., 2007. Т. Асанов.