МАНДОЛИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНДОЛИНА (итал. mandolina) - кылдуу черт­ме музыкалык аспап. 16-к-дан колдонула баштаган. М. Италияда (Неаполь) пайда болуп, 18-к-дан кеңири

таралган. Эң кеңири тара­ган түрү - Неаполь М-сы, неополи­тандын сопрано М-сы жупталып тартылган төрт кылдуу, квинта добуш аралыгына күүлөнөт. М-нын аягы томпогой, 4 түгөйлүү кылы жана кыска моюн­часында металл беренелери бар, башы жалпагай келип, тоголок буроолор орноту­латынча Узундугу 610- 635 мм. Скрипка­дай эле квинтада толгонот. Медиа­тор менен чертилет. М. жеке аткаруу­чулукта жана ансамблдерде колдонулат. Кура­мында М. жана гитаралар болгон оркестр неопо­литан оркестри деп аталат.