МАНДАЛАК
МАНДАЛАК жоогазын (ТиИра) - өсүмдүктөрдүн лилиялар тукумундагы уруусу. Пияз түптүү, бир сабактуу, бир гүлдүү көп жылдык чөп. Сабагынын бийиктиги 6-50 см. Чөйчөкчөсү жок, бүтүн кырдуу 2-3

жалбырактуу. Көбүнчө бир кооз гүл ачат, гүлү кызыл же сары кызыл, сары; күндүз ачылып, түнкүсүн жана күн бүркөктө жабылат. Уругу жана вегетация жолу менен көбөйөт. Жер жүзүндө ЮОдөн ашуун түрү, КМШ өлкөлөрүндө 80ге жакын, Кыргызстанда 19 түрү кездешет. Өрөөндөн тартып бийик тоолорго чейинки жумшак, күрөң-боз топурактуу, шагылдуу, таштактуу жерлерде, ошондой эле шалбаада, боздоңдо өсөт. Бардыгы - кооз өсүмдүк. Кээ бир түрү жоголуп бараткандыктан, 10 түрү Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. Булардын бардыгы Борбордук Азиянын, анын ичинде 7 түрү - Кыргызстандын эндемиги. М. гүл өстүрүүдө кеңири колдонулат.