МАМЫР ЧӨП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЫР ЧӨП, эдельвейс (ЬеопЪоросНшп) - өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Көп жылдык өсүмдүк, бийиктиги 5-15 см. Топ гүлү - себетче же жарым чатырча (кээде се­бетчеси жалгыздан). Түктүү чоку жалбыракта­ры жылдыз сымал көрүнүштү түзөт. Кээ бирле­ри сабаксыз же сабагы жалбыракка айланып кеткен. Жалбырактары түрдүү формада, түктүү

жана түксүз. Анын ЗОдай түрү Евра­зияда таралган.

КМШ өлкөлөрүндө Юдой түрү Ы. Чы­гыш, Сибирь, Орто Азия жана Карпат­та кездешет. Аль­пы М. ч-ү кеңири белгилүү. Анын аппак, калың түк­түү чоку жалбыра­гынан пайда бол­гон «жылдызы» абдан кооз өсүм­дүк, азайып ба­раткандыктан,

коргоого алынып, Кыргызстандын Кызыл китеби­не катталган. Кыргызстандагы 4 түрү Теңир-Тоо жана Алай тоо кыркаларында учурайт.