МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУ - мамлекеттин бюджетинин эсебинен өлкө керектөөлөрүн кам­сыз кылуу. Ал ачык жана таза жүргүзүлүшү за­рыл. Ошондой эле рыноктун бардык чөйрөсүн кам­тыйт. М. с. а. атайын мыйзамдын негизинде мамлекеттик стандарттар аркылуу жүргүзүлөт. Негиз­ги милдети - соодалашууга катышкан кардар­лардын бардык мүчөлөрүнө бирдей мамиле жа­соо. Сатуу үчүн тендер жарыялангандан кийин ага катышууну каалоочулардын бардыгы кон­курска катыша алат. М. с. а. боюнча тендер ММКлар жана интернет порталдар (атайын сайттар) ар­кылуу жарыяланат. Кыргызстанда М. с. а. сатып алуу мыйзамы аркылуу жөнгө салынат.